Тобокелдиктер боюнча комитет борбордук банктын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди идентификациялоо, баалоо жана чектөө жагында түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо аркылуу Улуттук банктын ишиндеги тобокелдиктерди азайтуу ишин жүзөгө ашырат. 

Тобокелдиктер боюнча комитеттин курамына Комитеттин төрагасы болуп саналган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн алты начальниги кирет. Тобокелдиктер боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын төрагасынын буйругу менен бекитилет. 

Тобокелдиктер боюнча комитеттин негизги функцияларына жана милдеттерине ылайык, Комитеттин ишине тобокелдиктерди тескөө процессин оптималдаштыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында Улуттук банкта тобокелдиктерди тескөө маселелерин кароо милдети кирет.  

2023-жыл ичинде Комитет тарабынан сегиз отурум өткөрүлгөн.Комитет Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн операциялык тобокелдиктерин жылдык өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгын карап чыкты. Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө саясатына санкциялык тобокелдикти аныктоого карата өзгөртүүлөр киргизилген.