КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын 

коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн адиси бош кызмат орудуна талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт - 1 бирдик 

 

Функционалдык милдеттери: 

- Улуттук банктын медиа-планын ишке ашыруу; 

- Улуттук банктын ЖМК менен биргелешкен долбоорлорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу; 

- пландарды иштеп чыгууга жана Улуттук банктын иши жөнүндө коомчулукка маалымат берүүгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышуу; 

- Улуттук банк менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын байланышын түзүүгө жана колдоого байланышкан башка функциялар. 

 

Квалификациялык талаптар: 

- экономика/юриспруденция/коммуникация/гуманитардык илимдер боюнча жогорку билим; 

- банк секторунда же адистиги боюнча 1 (бир) жылдан кем эмес жалпы иш тажрыйбасы; 

- Улуттук банктын ишин жөнгө салуучу мыйзам актыларын, бул кызматтын өзгөчөлүктөрүн аныктоочу ченемдик жана нускоо документтерин билүү

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдерди билүү зарыл; англис тилин билүүгө артыкчылык берилет.  

- өз оюн расмий тилде так түшүндүрүп, оозеки жана жазуу түрүндө билдирүү жөндөмү

- расмий тилде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгү

- колдонуучу катары кеңсе программаларын билүү

 

Кошумча талаптар: 

- функцияларын сапаттуу аткаруу; 

- белгилүү бир тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрүн сактоо; 

- кесиптик билимин тынымсыз жогорулатуу. 

 

Талап кылынган жеке сапаттар: 

- жоопкерчилик, чынчылдык; 

- мобилдүүлүк; 

- өз оюн так жана сабаттуу түшүндүрүп, жазуу жана оозеки түрдө билдирүү жөндөмү 

- кесиптештер жана башкалар менен мамиле түзө билүү

- башталган ишти аягына чыгаруу жөндөмү

 

Документтер 2024-жылдын 13-майынын саат 17:00гө чейин тапшырылууга тийиш. 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

- кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү менен); 

- резюме (кошумча маалыматтар); 

- өмүр баян;  

- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү); 

- паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документтердин, ошондой эле аскердик-каттоо документтердин (аскерге кызмат өтүүгө милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылчу адамдар үчүн) көчүрмөсү жеке өзү тарабынан тапшырылат. 

 

Бардык суроолор боюнча:  

- Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө (0312) 66-90-18, (0312) 61 10 21, телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот. Дареги: Чүй проспектиси, 168. 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын 

протокол тобунун адиси бош кызмат орудуна талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт - 1 бирдик 

 

Функционалдык милдеттери: 

- конокторду кабыл алууга, семинарларды, конференцияларды ж.б. өткөрүүгө байланыштуу протоколдук жана өкүлчүлүк иш-чараларын даярдоого жана өткөрүүгө катышуу; 

- Улуттук банкка келген миссияларды, делегацияларды жана консультанттарды кабыл алууга байланыштуу бекитилген протоколдук жана өкүлчүлүк иш-чараларын өз убагында жана кынтыксыз ишке ашыруу; 

- Улуттук банктын жетекчилигинин чет өлкөгө болгон иш сапарларын уюштуруу; 

- Улуттук банктын жетекчилиги үчүн дипломатиялык жана кызматтык паспортторду даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги менен өз ара кызматташуу; 

- Улуттук банктын иш сапары менен жүргөн кызматкерлерине жана Улуттук банк тарабынан расмий түрдө чакырылган консультанттар менен чет өлкөлүк жарандарга визалык колдоо көрсөтүү

- Улуттук банктын ар кандай протоколдук иш-чараларына байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү

- жер-жерлерде иш-чараларды өткөрүү (маданий программа, көчмө семинарлар); 

- Улуттук банкка келген чет элдик делегацияларды тосуп алуу, жайгаштыруу жана узатуу (VIP залында тейлөө, аэропортто, темир жол вокзалында делегацияларды тосуп алуу жана узатуу, маданий программаны уюштуруу, мейманканаларды брондоо жана аларга жайгаштыруу); 

- протоколдук таржымалды (иш кагаздары жана иш номенклатурасы) жүргүзүү

- Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттери менен өз компетенциясынын чегинде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча келишимдерди түзүү

- белгиленген нускоолорго ылайык, кызмат сунуштоочулар менен өз убагында эсептешүүлөрдү жүргүзүү, алдын ала отчетторду жана отчет берилүүчү суммаларды тапшыруу; 

- Улуттук банктын протоколдук иш-чаралары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу. 

Квалификациялык талаптар: 

- жогорку билим («Бакалавр» академиялык даражасы; «Магистр» академиялык даражасы; «Адис» квалификациясы); 

- 1 жылдан кем эмес жалпы иш стажы (артыкчылык берет); 

- адис төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: Улуттук банктын ишин жөнгө салуучу мыйзам актыларын, адистин функционалдык милдеттерин аныктоочу ченемдик жана нускоо документтерин; 

- тилдерди билүүсү: кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус), чет (англис) тили; 

- компьютерде иштей билүү жана электрондук таблицаларды колдонуу; 

- каттарды жана суроо-талаптарга жооп даярдоо жөндөмдүүлүгү

- адис баарлаша билүүгө, керектүү байланыш көндүмдөрүнө ээ болууга, туура сүйлөөгө жана адамдар менен өз ара иш алып барууда так багыт алууга тийиш; 

- жоопкерчиликтүү, уюшкан, туруктуу, демилгелүү болуусу; 

- дипломатиялык протокол жана этикет боюнча билимдүү болуусу. 

Кошумча талаптар: 

- визалык документтерди тариздөө тажрыйбасы; 

- расмий иш-чараларды уюштуруу тажрыйбасы; 

Жеке сапаттар: 

- өз милдеттерин аткарууда чынчыл жана адептүү болуу, өз оюн оозеки жана жазуу жүзүндө так жана сабаттуу билдирүү ж.б.; 

- аналитикалык жана уюштуруучулук жөндөмдөргө ээ болуу (кызматтык нускоо боюнча). 

Документтер 2024-жылдын 13-майынын саат 17:00гө чейин тапшырылууга тийиш. 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

- кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү менен); 

- резюме (кошумча маалыматтар); 

- өмүр баян;  

- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү); 

- паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документтердин, ошондой эле аскердик-каттоо документтердин (аскерге кызмат өтүүгө милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылчу адамдар үчүн) көчүрмөсү жеке өзү тарабынан тапшырылат. 

 

Бардык суроолор боюнча:  

- Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө (0312) 66-90-18, (0312) 61 10 21, телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот. Дареги: Чүй проспектиси, 168.